• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика тармагындагы коррупция. Бюджетке 49 млн сомдон ашык каражат кайтарылган

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык аракеттерди аныктоонун алкагында мамлекеттик бюджетке 49 млн 893 миң 473 сом кайтарылган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун энергетика тармагындагы текшерүү боюнча тапшырмасынын негизинде тиешелүү иштер аткарылууда.

“Башкы прокуратура тарабынан 2016-2020-жылдар аралыгында электр энергияга болгон карызды кечүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган. “Ошэлектр”, “Чыгыш электр”, “Түндүк электр” жана “Жалалабатэлектр” бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча төрт кылмыш иши козголгон”, - дейт ал.

Коррупциялык иштерден зыяндын суммасы төмөнкүчө:

“Түндүк электр” ишканасы - 39 млн сом, мамлекетке 14 млн 504 миң 560 сом кайтарылган;

“Чыгыш электр” ишканасы - 19 млн 32 миң 175 сом, бардык сумма кайтарылган;

“Ошэлектр” ишканасы - 134 млн 402 миң 234 сом, 16 млн 356 миң 738 сом кайтарылган;

“Жалалабатэлектр” ишканасы - 12 млн 192 миң 598 сом.

Бүгүнкү күндө тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий