• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталында Нооруз майрамына арналган фестиваль өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталында Нооруз майрамына арналган "2022-жазгы фестивалы" өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, иш-чара Сауд Аравия Падышалыгындагы Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн элчиликтери тарабынан уюштурулду.

Элчи фестивалдын катышуучуларына Нооруз майрамынын тарыхы, ошондой эле кыргыз элинин ушул күндү белгилөө салттары жөнүндө айтып берген.

"Учурдан пайдаланып, Кыргызстан элин бүгүнкү майрамы менен куттуктап кетким келет! Алдыдагы жадыраган жаз күнү жаңы бийиктиктерди багындырууга, эл менен өлкөнүн урматы үчүн талыкпай эмгектенүүгө дем-шык берип турсун. Ар бириңиздерге бакубат жашоо, ден соолук, гүлдөп өнүгүүнү, иштериңиздерге ийгиликтер менен жетишкендиктерди каалаймын. Ар бир үйдө токчулук менен молчулук, ал эми өлкөбүздө тынчтык жана бейпил жашоо болсун!", - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий