• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 18.12.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Кечээ, 17-декабрда Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган эркин күрөш боюнча 56-эл аралык мелдеш башталды. Мелдештин биринчи күнүндө балбандар 5 салмак ченинде күч сынашты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Алгачкы беттештер саат 11:00дө башталып, мелдештин расмий ачылыш аземи саат 17:00дө болгон. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев балбандарды куттуктап, келерки жылы лицензиялык жыл экенине токтолду.

“Келерки жыл лицензиялык жыл болгондуктан балбандарыбыз жакшы жыыйынтык көрсөтүп, көбүрөөк лицензия алышын, 2020-жылдагы олимпиадада медаль утушун каалайм”, - деди ал.

Ачылыш аземинен кийин мелдештин финалдык кармаштары болуп өттү.

Белгилей кетсек, бул жарышка Россия, Казакстан, Кыргызстандын 151 спортчусу катышууда. Аны өткөрүүгө Спорттун олимпиада түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 78 миң сом бөлүнгөн.

Жеңүүчүлөр менен байге ээлери:

57 кг:

Тынчтык Талгатбеков;

Тайырбек Жумашбек уулу;

Айдар Алымбеков;

Мээржан Байтаев;

65 кг:

Эрназар Акматалиев;

Равил Самат уулу;

Амантур Камчыбеков;

Кадырбек уулу Эдил;

74 кг

Бекжан Жамбулов;

Бекжан Токтобаев;

Нуртилек Карыпбаев;

Эрболот Ажыбеков;

86 кг:

Мирлан Чыныбеков;

Елеусиз Сержан;

Шарафиди улы Елибек;

97 кг:

Арсланбек Турдубеков;

Балтабаев Азизилло;

Турушбеков Жанатбек.

Пикир

Оставить комментарий