• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эрназар Акматалиев жана бир катар балбандар Казакстандагы эл аралык мелдештен байгелүү кайтты

Спорт 0

Бишкек, 18.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар коомдук ишмер Динмухамед Кунаевдин элесине арналган эл аралык мелдештен байгелүү кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Эркин күрөш боюнча мелдеш 2-6-ноябрда Казакстандын Тараз шаарында өттү.

Анда 70 кг салмакта Эрназар Акматалиев менен 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу атаандаштарынын баарын жеңип, алтын медалга татыды. Ал эми 57 кг салмак даражада Алмаз Сманбеков күмүш жана 65 кг салмакта Алибек Осмонов коло байгенин ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий