• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкекте Комуз күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Бишкекте Комуз күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чара 9-сентябрда саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтөт.

Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү төртүнчү ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий