• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Эртең, 12-апрелде борбор калаанын борбордук бөлүгүндө суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо атындагы суу алгычта жана шаардагы суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу саат 9:00дөн 19:00гө чейин Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда суу берүү токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий