• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. “Тоголок Молдо” суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүн кыш мезгилине даярдоого байланыштуу эртең, 12-ноябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, Логвиненко, Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Таза суу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги, №70 мектеп-гимназиясы, №6 клиникалык төрөт үйү, Бишкек техникалык колледжи, МК "Биринчи Стоматология", Академик У.Асаналиев атындагы тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институту, "Beta Stores" соода борбору, Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, Улуттук госпитал, "Prom Project" ААК, Ардагерлер үчүн поликлиника, Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз почтасы, БУУ үйү, Тез жардам борбору, №3 Дирекция, Транспорт министрлиги, Кыргыз коммерциялык банкы, №47, №115, №184 бала бакчалары, "Наристе" окуу-тарбиялык борбору, "Россия" кинотеатры, "Билим Кенчи", "Абитуриент Плюс" жеке мектептеринде өчүрүлөт.

Ошондой эле "Алтын Түйүн" Балдар инженердик-техникалык академиясы, “Территория SPA” компаниясы, "Развивайка" балдардын билим берүү борбору, "Карамель" Кондитердик-нан бышыруу жайы, "Тур Азия" мейманканасы, М.Абдраева атындагы атайын орто музыкалык мектеп-интернаты, Бишкек медициналык колледжи (жатакана), Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борбору, Электрондук саламаттыкты сактоо борбору, Иммунология жана гормоналдык изилдөө лабораториясы, "Ден-соолук" көп тармактуу медициналык борбору, №3 райондук милиция бөлүмү, "Кид жана Карлсон" жеке бала бакчасы, "Дипломат" медициналык борбору, Иорданиянын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдугу, "Аман" жеке менчик бала бакчасы, "Караван" соода борбору, Ж.Баласагын атындагы КУУ (Юридикалык факультет), Дива Эффект” косметологиялык клиника, "Поликлиника 312" борбору, "Бишкек Парк" соода борбору, №11 ҮМБ, Ай-Пери, Словакиянын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдугу, Кыргыз Республикасынын президентинин коомдук кабылдамасы, Профсоюздар Федерациясы жана Golden Bull Ресто-пабында таза суу берүү токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий