• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда майып баласын караган ата-энелер айлык ала баштады

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген, багууга жана көзөмөлгө муктаж балдар үчүн жеке ассистент деген социалдык кызматтын жаңы түрү ишке киргизилди. Бул тууралуу пресс-конференцияда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жеке ассистент катары катталган адамдардын саны 490 жетти.

"Жеке ассистентке ай сайын төлөнүүчү сумма 4900 сомду түзөт. Бул Улуттук статистика комитети бекиткен минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилген сумма", - деди Алыбаева.

Бул акча майып балалуу үй-бүлөлөрдүн ата-энелерине баласын бакканы үчүн айлык акы катары төлөнөт.

Алыбаева Кыргызстанда 191 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катталган, алардын 30 миңи жаш балдар экенин эске салды.

"Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж. Аларды караган ата-энелерине акча төлөш үчүн алдын-ала эсептөөгө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 млн. сом талап кылынат", - деди Алыбаева.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 10 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.

Пикир

Оставить комментарий