• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртеңден тарта Бишкектин Суванбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Коом 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Эртең, 26-июлдан тарта Бишкек шаарынын Суванбердиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Карадарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган участокто Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Унаалардын жүрүүсү үчүн альтернативдүү жолдор Жукеев-Пудовкин, Матросов, Юнусалиев жана Карадарыя көчөлөрү эсептелет.

"Жүрүп жаткан жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу алдын ала каттамыңыздарды пландап, түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий