• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дрон, суучулдар кайык менен... Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен төрт жаштагы кыз изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда сууга төрт жаштагы Н.А., аттуу кыз чөгүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иштерин улантууга бүгүн таңкы саат 6:55те алты куткаруучу, төрт суучул моторлуу кайык менен чыгышкан.

“Буга кошумча үч куткаруучу дрон менен кызды издөөдө”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, туугандарынан 10 адам кайык менен тартылышкан. Жалпысынан 32 адам кызды издеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий