• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртеңден тарта Кахраманмарашта кыргыз элчилиги менен консулдугунун штабы иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Эртең, 15-февралдан тарта Түркиянын Кахраманмараштагы AFAD лагеринде Кыргызстандын элчилигинин жана Анталия менен Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бирдиктүү убактылуу штаб иштеп баштайт.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришкендей, бүгүн AFAD координациялык борборунда Түркиянын министрлер кабинетинин жыйыны өтөт.

Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471.

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 1700дөн ашык чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты.

Чет өлкөлүк мекемелердин ишеним телефондору:

- Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

- Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;

- Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Пикир

Оставить комментарий