• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Караколдо "Куттуу эл – касиеттүү Ысык-Көл" улуттук форуму өтөт

Маданият 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында "Куттуу эл – касиеттүү Ысык-Көл" улуттук форуму өтөт.

Иш-чара эртең, 25-февралда К. Жантөшев атындагы облустук музыкалык-драма театрынын имартында өтмөкчү.

Улуттук форумдун ишине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Ильяз Иманбетов, филология илимдеринин докторлору, Абдыкалык Дунканаев, Аида Абдыкеримова, Жеңиш Керимкуловдор жана башкалар катышат.

Форумда баяндамалар окулуп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөмү менен коштолот. Аталган форум буга чейин Ош жана Талас облустарында өткөн.

Белгилей кетсек, форум президенттин төмөнкү жарлыктарын аткаруунун алкагында өткөрүлөт:
1. 2021-жылдын 29-январындагы № 1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”;
2. 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө”;
3. 2022-жылдын 20-майындагы № 157 “Улуттук нарк жөнүндө”;
4. 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу.

Пикир

Оставить комментарий