• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров эртең Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет

Президент 0

Бишек, 07.06.22. /Кабар/. Эртең, 8-июнда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир болжолдуу 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Пикир

Оставить комментарий