• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Ысык-Көлдө «Байрактарды» колдонуу менен өтүп жаткан тактикалык машыгууга көз салууда

Президент 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда бүгүн, 31-мартта, «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу өтүүдө, - деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жаткан машыгууга көз салууда.

Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу. Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда.

Машыгуунун жүрүшүндө КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу КР УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулат.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлери куралданган «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары 2021-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий