• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең “Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Эртең “Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 4-июнда Төмөнкү Ала-Арча айылынын 17 көчөсүндө саат 9.00дөн 17.00гө чейин электр жарыгынын өчүрүлүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу аталган айылдын Школьная, 7а дарегинде жайгашкан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт.

Каттоо кызматы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий