Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Эртең, 18-сентябрь–Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында массалык ишембилик өтөт.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билидргендей, анда коомук жана эс алуу жайлар, гүл бакча, жол жээктерин таштандылардан арылтуу иштери жүргүзүлөт.
Ага облус аймагындагы менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишкана жамааттары катышып, бөлүнгөн аймактарында тазалоо жумуштарын аткарышат.
“Барыңыздарды айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо менен массалык ишембиликке активдүү катышууга чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий