• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эстонияда видео байланыш аркылуу никеге туруп, ажырашууга уруксат берилди

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Эстонияда видео байланыш аркылуу никеге туруп, ажырашууга уруксат берилди. Бул тууралуу currenttime.tv жазат.

Эстониянын парламенти 30-январда "Нотариалдык күбөлөндүрүү жөнүндө" мыйзамына оңдоп-түзөөлөрдү кабыл алып, ага ылайык жарандар видео байланыш аркылуу айрым нотариалдык иштерин бүтүрө алышат.

Алардын катарына никеге туруу, ажырашуу, мураска ээ болуу же андан баш тартуу, ишеним кагаздарын күбөлөндүрүү кызматтары кирет.

Бул кызматка биринчи кезекте Эстониянын электрондук резиденттери, чет жерде жашаган жарандары кызыкдар: 2016-жылы алардын саны 130 миң киши болгон.

Маселен, мурда никеге туруп же ажырашуу үчүн аларга мекенине келүүгө же Эстониянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө (өкүлчүлүктөрү баардык эле өлкөдө бар эмес) кайрылууга туура келген.

Пикир

Оставить комментарий