• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Еврокомиссиянын башчысы кызматына Германиянын коргоо министри сунушталды

Дүйнө 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Евробиримдиктин жогорку аткаруу органы эсептелген Европа комиссиясынын башчысы кызматына Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйендин талапкерлиги көрсөтүлдү. Мындай чечим Европа биримдигинин (ЕБ) 2-июлда Брюсселде өткөн саммитинде кабыл алынды.

Эгер Европа парламенти фон дер Ляйендин талапкерлигин жактырса, ал ЕБдин аткаруу бийлигин башкарган алгачкы аял болуп калат.

Еврокомиссиянын башчылыгына талапкер ЕБдин үч күнгө созулган саммитинин жыйынтыгында тандалды. Алгач бул кызматка нидерланддык Франс Тиммерманстын талапкер болуу мүмкүндүгү жогору экени айтылып жаткан. Аны жекшемби күнү Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск жана Германиянын канцлери Ангела Меркель баш болгон бир катар ЕБ лилдерлери сунушташкан.

Бирок дүйшөмбү күнү Польша башында турган Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн көбү Тиммерманстын талапкерлигине каршылык билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий