• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Куралдуу көтөрүлүш. РФ Коргоо министрлиги "Вагнердин" жоокерлерине кайрылды

Дүйнө 0

Бишкек, 24.06.23. /Кабар/. Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги "Вагнер" жеке аскерий компаниясынын штурмдук отрядынын согушкерлерине кайрылып, алар Евгений Пригожиндин кылмыштуу авантюрасына алданып калганын билдирди, деп жазды РИА Новости.

"Вагнер жеке аскерий компаниясынын штурмдук отряддарынын жоокерлерине кайрылабыз. Сиз Пригожиндин кылмыштуу авантюрасына жана куралдуу көтөрүлүшкө катышууга алданып калдыңыз. Сиздердин көптөгөн жолдошторуңуз туруктуу жайгаштырылган жерлерине аман-эсен кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жардам сурап кайрылып, жаңылыштыктарын түшүнүп атышат. Биздин тараптан мындай жардам буга чейин бардык согушкерлер менен командирлерге берилген", - деп билдирди Россиянын аскерий ведомствосунан.

"Вагнердин" жоочуларын этият болууга жана Коргоо министрлигинин же укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен мүмкүн болушунча тезирээк байланышууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий