• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Тоо аянтында Аскер институтунун офицерлеринин бүтүрүү салтанаты өттү. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 24.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында К.Усенбеков атындагы Куралдуу күчтѳрдүн Аскер институтунун жаш офицерлеринин бүтүрүү салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаш офицерлерди жашоосундагы маанилүү учур менен куттуктоо үчүн мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Куралдуу күчтѳрдүн ардагерлери, ошондой эле бүтүрүүчүлѳрдүн туугандары жана жакындары келишти.

Бүтүрүүчүлѳр оркестр маршынын коштоосунда окуу жайдын Күжүрмѳн Туусунун чыгарылышын салтанаттуу тосуп алышты. 80 жакын бүтүрүүчүлѳрдүн курсанттык погондору жаркыраган лейтенанттын жылдыздары менен алмаштырылды, аларга алгачкы аскердик жылдыздар менен жогорку билими тууралуу дипломдор аскер жетекчилери тарабынан тапшырылды.

Жогорку аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүлѳрүнѳ салтанаттуу маанайда тѳш белгилер жана жогорку билими тууралуу дипломдор берилди. Ал эми институтту кызыл диплом менен аяктап жаткан жаш офицерлер коргоо министринин колунан дипломдорду алышты.

Бекболотов ѳзүнүн куттуктоо сѳзүндѳ жаш лейтенанттарды аскер окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп жатышкандыктары менен куттуктады, офицердик корпустун мамлекеттин кѳз карандысыздыгын коргоодо маанилүүлүгүн баса белгиледи жана мындан ары Кыргызстандын тынчтыгы, гүлдѳп ѳнүгүүсү үчүн сыймык менен, чынчылдык менен, чын дилден кызмат кылгыла деп белгиледи.

Иш-чаранын адаттагы салтанаттуу бѳлүгү аяктагандан кийин жаш офицерлер баш кийимдерин чечишип, тизе бүгүү менен Аскер институтунун Күжүрмѳн уусу менен коштошту. Бул аскердик ритуал менен алардын дарегине карата айтылган каалоо-тилектерден кийин, жаш лейтенанттар аскердик марштын коштоосунда аянттан салтанаттуу түрдѳ басып ѳтүштү. Салтанаттуу иш-чара Кыргыз медициналык академиясынын студент кыздары менен биргеликте даярдалган офицердик вальс менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий