• 88.68
  • 95
  • 0.95

Фергана өрөөнүндө эл аралык аэропорт куруу пландалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Фергана өрөөнүндөгү Өзбекстандын үч облусунун ортосунда жаңы эл аралык аэропорт куруу пландалууда.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Шавкат Мирзиёев 11-апрелде коммуналдык тармак менен транпортту өнүктүрүү программасы менен таанышты.

Фергана өрөөнүндө жаңы эл аралык аэропорт салуу планы Анжиян, Наманган жана Ферганада аэропорттор шаардын ичинде салынганы жана имараттар менен курчалганы, буга байланыштуу кеңейтүү мүмкүн эместиги менен түшүндүрүлдү.

Жакында бул маселе кененирээк каралып, андан соң курулуш боюнча чечим кабыл алынат.

Буга чейин Өзбекстан 2035-жылга чейин аэропортторду өнүктүрүү стартиясын иштеп чыккан. Кечээ өткөн презентацияда бул стратегиянын 2026-жылга чейин аткарыла турган программасы талкууланды. Ага ылайык, “Ташкент” аэропортун эл аралык хабга айландыруу, “Навои” аэропортун жүк хабына айландыруу, Самарканд жана Бухара аэропортун туристтик хабга айландыруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий