• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финансы министрлиги россиялык инвесторлорго пландалган облигациялардын чыгарылышы боюнча презентация жасады

Экономика 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Москвада россиялык ири институционалдык инвесторлорго Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү негизги макроэкономикалык тенденциялары жана бюджеттик саясатты тууралуу баяндама жасалды.

КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, докладды министрдин орун басары У. Аманбаев жасаган.

Министрдин орун басары бюджеттин киреше базасын көбөйтүү чараларына токтолуп, жакынкы жылдарга мамлекеттик бюджеттин профицитинин болжолу менен тааныштырды.

Ошондой эле КР Финансы министрлигинин карызды кыскартуу боюнча пландары менен бөлүштү.

Иш-чарага катышкан россиялык алдыңкы институционалдык инвесторлору, ири банктардын, фонддордун жана башкаруучу компаниялардын өкүлдөрү облигациялардын чыгарылышына активдүү кызыгууларын арттырып, суроо-жооп талкуусуна жигердүү катышты.

Пландаштырылган эмиссиялардын уникалдуулугу - алар каржылоо булактарын диверсификациялоо жана инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтүү максатында Кыргыз фондулук биржасында ар кандай валютадагы мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу үчүн шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий