• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финполиция аттестаттагы каталар боюнча териштирүү иштерин баштады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) аттестаттагы каталар боюнча териштирүү иштерин баштады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталган.

"Сотко чейинки тергөө амалдары учурунда маалым болгондой, 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөргө ката жазылган атестаттар тапшырылган. Жалпысынан ката жазылган 95 миң аттестат тапшырылган. Дыкат текшерүүдө аныкталгандай, анда "жөнүндөгү" деген сөздөгү "Н" тамгасынын ордуна "Ң" жазылып калган. Ушундай эле ката Нарын облусундагы Туз айылында да катталган. Анда бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттын орусча жазылган жеринде "РЕДНЮЮ" деген сөз ашыкча жазылган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган фактылар боюнча ар тараптуу иликтөө жана териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий