• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 21 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 26-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта 21 миң 61 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын ичинде:

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 251;
  • мас абалында унаа башкаруу – 231;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 75;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 015;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 187;
  • автоээнбаштык – 2;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 600;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 700;

Ошондой эле 1 208 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий