• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлектин Кулунду айылында мамлекеттик нотариалдык кеңсе ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында мамлекеттик нотариалдык кеңсенин ачылуу аземи болду.

Парламенттен билдиришкендей, аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева, юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков, Лейлек районунун акими Канымет Осмонбеков, акимдин орун басары Максатай Каримбердиева жана тийиштүү жетекчилер, жергиликтүү тургундар катышты.

Кулунду айылындагы мамлекеттик нотариалдык кеңсе негизинен Кулунду, Жаңы-Жер, Бешкент жана Кең-Талаа айыл аймактарынын элине юридикалык кызмат көрсөтөт. Бүгүнкү күнгө чейин аталган айыл аймактын 50 миңден ашуун тургундары мындай кызматтарды алуу үчүн 50-70 км аралык алыстыкта жайгашкан Раззаков шаарына барууга аргасыз болгон.

Бул көйгөйдү чечип берүү үчүн Лейлек районунун ылдыйкы зонасынын калкы эл өкүлү Миргүл Темирбаевага кайрылышкан. Өз кезегинде депутат демилге көтөрүп, жыйынтыгында Кулунду айылында мамлекеттик нотариалдык кеңсе ачылды.

«Менин дарегиме 2023-жылы Кулунду, Жаңы-Жер жана Бешкент айыл аймактарынын тургундары Кулунду айылына мамлекеттик нотариалдык кеңсе ачууга көмөк көрсөтүү боюнча кайрылуу жазышкан. Бул кайрылуунун негизинде Юстиция министрлиги жана Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтү менен чогуу иш алып бардык. Жыйынтыгында бүгүнкү күндө Кулунду айылында мамлекеттик нотариалдык кеңсенин ачылуу аземинде турабыз», – деди эл өкүлү Миргүл Темирбаева.

Пикир

Оставить комментарий