• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Флешмоб: Кыргыз тилим жашасын

Коом 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Бишкектеги Жаштар аллеясында Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тилим жашасын” урааны астында флешмоб өткөрүлдү.

Иш чаранын уюштуруучулары шаардык мэриянын колдоосунда “Жаштар кеңеши” коомдук-жаштар уюму.

Иш чаранын максаты – кыргыз тилин жана каада - салтын жаштар арасында жайылтуу, кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон кызыкчылыкты жогорулатуу.

Флешмобдун алкагында “Жаштар кеңеши” уюмунун жаштары тарабынан концерттик программа уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий