• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фоторепортаж — «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форуму

Коом 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда бүгүн, 22-апрелде, Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форуму болуп өттү. Мындай форматтагы Форум өлкөдө биринчи ирээт өтүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Форумга карата даярдалган Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлору уюштурган мобилдүү кызмат көрсөтүүлөр тууралуу көргөзмө менен таанышты.

Форумдун ачылышында Мамлекет башчысы санариптештирүү президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берээрин дагы бир ирээт белгиледи. Форумдун катышуучулары Дүйнөлүк Банктын КРдеги туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар, Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев баяндама жасашты.

Мындан тышкары, Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Куренкеев, «Альфа Телеком» ЖАКнын генералдык директору Акылбек Жамангулов, «Нур Телеком» ЖЧКсынын директору Алла Опариенко, «Скай Мобайл» ЖЧК Башкы директору Акмаль Малаев, «Элкат» ЖЧКсынын генералдык директору Улан Толубаев, «Кыргыз Телеком» ААКнын Башкармалыгынын вице-президенти, техникалык директор Нурбек Чылпанов жана «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын директору Нурия Кутнаева Кыргызстандагы санариптештирүү тармагындагы жагдайлар туралуу кенен баяндама жасашты. Кыргызстандын IT тармагынын өкүлдөрү өлкөнү санариптештирүү процессинде Мамлекет жетекчисинин колдоосу жана саясий эрки чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, «Биздин өз ара пикир алышуубуз жана бүгүнкү иш чарага Президенттин катышып жаткандыгы саясий эрктин бар экендигинин далили», — деп, Мамлекет башчысынын санариптештирүү саясатын колдоорун айтышты жана ушундай Форумду жыл сайын өткөрүүнү сунушташты.

«Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумуна Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кызматкерлери, өлкөнүн бизнес-коомчулугунун, IT тармагынын, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 500дөн ашык адам катышууда.

Түштөн кийин Форум өз ишин улантат.

Пикир

Оставить комментарий