• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Алай" чайканасына көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айып салынды

Коом 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Алтымышев көчөсү, 57 дарегинде жайгашкан «Алай» чайканасына айып салды

Муниципалитеттен билдиришкендей, инспекторлор кафенин администрациясына көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол жазып беришти. Айыппул 17 000 сомду түздү.

Белгилесек, «Алай» чайканасынын кызматкери Левоневский жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун четине, көк майсанга таштанды ыргыткан.

Администрация көрктөндүрүү эрежелерин бузганын мойнуна алды. Протокол түзүлгөндөн кийин таштандылар тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий