• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Ордо-3 конушуна 235 млн сомго бала бакча куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына караштуу Ак-Ордо-3 конушуна бала бакча куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

Долбоордун сметалык наркы 235 млн 388 миң 804 сомду түзөт, сынактык билдирүү беруүнүн мөөнөтү 7-майга чейин.

Пикир

Оставить комментарий