• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде үч айда өспүрүмдөрдүн катышуусунда 11 жол кырсыгы катталган

Кырсык 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Баткенде жыл башынан бери өспүрүмдөрдүн катышуусунда 11 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Тилекке каршы жол кырсыгынан 11 өспүрүм ар кандай жараат алып, 2 өспүрүм көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайызга төмөн болгону менен өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы чоң трагедия болуп калууда.

Буга байланыштуу ЖКККББ тарабынан облус аймагындагы жайгашкан билим берүү мекемелеринде, мектеп жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар менен жолугушууда жол кыймылынын эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү жүргүзүлүп, өспүрүмдөргө багытталган анимациялык видео тасмалар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий