• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагында бир суткада 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Башат айылында ВАЗ-2107 «Жигули» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.

Чүй облусунун Токмок шаарында жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана короодо ачык аянтта куураган чөп күйгөн.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында короодо жыйылган 2 миң түк чөп күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий