• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто милиция тарабынан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Ошто 3 күндөн бери изделип жаткан 55 жаштагы жарандын сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-августтан бери Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан изделип жаткан 1967-жылы туулган М.Ш. аттуу эркек киши Южный кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин билдиришкен.

18-август күнү каналдын жээктерин издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, саат 14:40та анын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий