• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ИИМ казакстандык кесиптештерине 50 тоннадан ашык гумжардам жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 18.04.24./Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлии суу ташкынынан жабыркаган казакстандык кесиптештерине 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Гумжардамдын ичинде:

  • биринчи керектелүүчү буюмда:
  • дары-дармектер
  • желим өтүктөр
  • дизелдик жана электр генераторлор
  • үйлөмө кайыктар
  • чатырлар
  • матрацтар
  • тамак-аш
  • жууркандар, жаздыктар жана шейшептер бар.

"Казакстан Республикасы менен кызматташтыгыбыз узак тарыхка ээ жана мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз", – деп министрликтен белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий