• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Француз компаниясы байыркы Бухара аймагында ири туристтик долбоорду ишке ашырат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Өзбекстандын Улуттук банкы Bouygues («Буиг») деп аталган Франциянын ири курулуш компаниясы менен кызматташтыкта байыркы Бухаранын аймагында туристтик долбоорду ишке ашырат.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, туристтик тармакта кызматташуу тууралуу тиешелүү макулдашууга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Францияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн өзбек-француз бизнес форумунда кол коюлган. Долбоордун баасы 100 миллион еврону түзөт.

Макулдашууда «Бухара шаары менен Бухара облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүү программасынын» алкагында Шавкат Мирзиёев демилгелеген «Кадимий Бухоро» туристтик зонасын куруу каралган. Долбоордун алкагында анын аймагындагы 10 гектар аянтка мейманканалар, соода-көңүл ачуу жайлары, ресторандар, элиталык турак жай комплекстери, ландшафттык бакчалар жана башка объектилер курулат.

Макулдашууга ылайык, «Буиг» компаниясы долбоорлоо жана курулуш иштеринен тышкары бул багыттагы долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу үчүн жаңы инвесторлорду табууга көмөктөшүп, курулуп бүткөн объектилерди башкарууга катышат. Мындан тышкары ал Өзбекстандын башка аймактарындагы туристтик аймактарга мейманканалар менен эс алуу жайларынын түйүнүн куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо.

Келишилген макулдашуу Өзбекстандын туристтик дараметин мындан ары дагы өнүктүрүп, натыйжалуулугун арттырууга багытталганы кабарланууда.

Bouygues Batiment International SAS (Буиг Батиман Интернасиональ САС) – 1952-жылы негизделип, Франциянын ири курулуш компанияларынын бирине айланган. Компания ишке ашырган объектилердин арасында – Ла-Манштагы туннель, Дефанс аркасы, Шарль де Голь атындагы аэропорттун №2 терминалы, автомагистралдар жана башка бир топ курулуштар бар. Компаниянын капиталы 25 миллиард еврону түзөт.

Пикир

Оставить комментарий