• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футбол боюнча улуттук кураманын жарым коргоочусу Рауль Жалилов карьерасын «Дордойдо» улантат

Спорт 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Рауль Жалилов карьерасын Кыргыз премьер-лигасында ойноп жаткан «Дордой» ФК улантат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

2023-жылдын өтүп жаткан сезонунда Жалилов «Алга» ФК үчүн 12 беттеш өткөрүп жана 6 голдук пас берген. Буга чейин Рауль улуттук курама командада 2023-жылдын 25-мартында Мьянма менен болгон беттеште дебют жасап, анда 1 беттеш өткөргөн.

Дордой» Кыргызстандын 13 жолку чемпиону, Кыргыз Республикасынын Кубогунун 10 жолку, өлкөнүн Суперкубогунун 5 жолку жеңүүчүсү, андан сырткары, АФК президентинин Кубогунун 2 жолку жеңүүчүсү.

«Дордой» өткөн сезонду 4-орунду ээлеп жыйынтыктап, ошол эле учурда Кыргызстандын Суперкубогун жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий