• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футзал боюнча U-19 курама командасы II КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын U-19 курама командасы Минск шаарында өтө турган II КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына даярдык катары Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, машыгуулар 23-июлда башталып, 5-августка чейин уланат.

Эске салсак, футзал боюнча мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Россия, Азербайжан жана Беларусь катышат.

Кураманын башкы машыктыруучусу Келкел Анарбеков жыйынга 15 талаа оюнчу жана 4 дарбазачы чакырды.

Пикир

Оставить комментарий