• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гүлчөдө аскер кызматкерин ток урду

Кырсык 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 4-декабрында Гүлчө айылында жайгашкан №92843 аскердик бөлүктүн келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскери - радиотелефонист, ефрейтор Ш. у А. тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда жогорку вольттуу электр өткөргүч зымынын жанынан өтүп баратып, радиостанциянын антеннасы аркылуу токко урунган. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабыркаган аскерге медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыр ал ооруканада, абалы орто.

Окуя тууралуу Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасына маалымат берилип, кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий