• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Германияда оор жүк ташуучу унаа адамдарды тебелеп кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Германиянын түндүк-батышындагы Мюнстер шаарында оор жүк ташуучу унаа адамдарды тебелеп кеткен,-деп маалымдайт РИА Новости.

Полициянын акыркы маалыматына ылайык, үч адам каза болуп дагы 20сы жаракат алган. Алардын ичинен алтоонун абалы оор. Кол салды деп божомолдонгон адам өз жанын кыйган.

Rheinische Pos басылмасы укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып бул окуя теракт катары каралып жаткандыгын маалымдайт.

Тергөөчүлөрдүн алдын ала маалыматына караганда, окуя учурунда жүк ташуучу унаадан эки адам секирип, качып кетишкен. Полиция аталган маалыматты текшерип жатат.

Учурда жеринде атайын операция жүргүзүлүүдө. Ал ортодо жүк ташыган автоунаадан шектүү буюм табылган.

Пикир

Оставить комментарий