• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ГЭС-3 суу сактагычынан адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн айылында жайгашкан ГЭС-3 суу сактагычынан адамдын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, 15-июнда саат 07:00дөр чамасында ГЭС-3 суу сактагычында болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөн.

Жеринде үч куткаруучу сөөктү суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий