• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гилас менен бал Кытайга, Баткендин өрүгү АКШга экспортко чыгарылууда

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Кыргызстандык дыйкандар түшүмдөрүн экспортко өз алдынча чыгарып сатышат. Аларды кайсы өлкөгө жана кантип сатып жатканы тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында айтып берди.

Анын айтымында, кыргызстандык дыйкандар сатып алуучуларды өздөрү табып, келишимдин негизинде продукциясын экспортко чыгарууда. Алардын арасында соода-сатык компаниялар аркылуу иштегендер бар. Компаниялар азык-түлүктү сатып алышып, каякка сатарын өздөрү чечишет.

Керималиев белгилегендей, Кытайга азык-түлүктү келишимдин негизинде гана чыгарууга болот.

"Гилас боюнча 14 чарба кытай ишкерлери менен келишим түзүшүп, анын негизинде продукциясын сатып жатышат. Негизинен Баткен менен Ош облусунан сатылууда. Балды да дыйкандар өздөрү чет жакка алып чыгууда. Балды сатып алып, чет өлкөгө чыгарып саткан компаниялар да бар", - деди ал.

Аны менен бирге министрдин орун басары, Иранга эт, АКШга Баткендин өрүгү сатылып жатканын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий