• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гонконг чемпионаты: Тамирлан Козубаев 2023-жылдагы алгачкы голун киргизди

Спорт 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев гонконгдук Eastern клубунда ойноп, 2023-жылдагы алгачкы голун киргизди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Гонконг чемпионатында Eastern менен Hong Kong командалары беттешип, 3:0 эсебинде кыргызстандык футболчу ойгон команда жеңишти илип кетти. Бир голду Козубаев киргизди.

Эскерте кетсек, Тамирлан Козубаев 2022-жылдын жаз айында Гонконгдун Eastern клубуна өткөн.

Пикир

Оставить комментарий