• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.07.22. /Кабар/. Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Куттуу Курман айт майрамы менен сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду жолдогонума абдан кубанычтамын.

Кудуреттүү Алладан сизге жана жалпы мусулман үммөтүнө анын берекесин беришин сураймын. Баардык жакшы тилектериңиздерди, кылган амалдарыңыздарды Жараткан кабыл кылсын. Сизге чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий