• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Япониядагы жер титирөөдөн 150 адам жабыркады. Арасында кыргызстандыктар жок

Дүйнө 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Япониянын түндүк-чыгышындагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 150гө жетти. Бул тууралуу РИА Новости Киодо агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Жабыркагандар өлкөнүн 9 префектурасынан катталган. Фукусима префектурасында 78, Миягиде кеминде 55 жаран жабыркаган. Каза болгондор тууралуу азырынча айтыла элек.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирген.

Эскерте кетсек, 13-февраль күнү жергиликтүү убакыт менен саат 23:08де Фукусима жана Мияги префектураларынын аймактарында очогунда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Пикир

Оставить комментарий