• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Индияда автобус кырсыкка учурап, 29 адам каза болгондугу айтылууда

Дүйнө 0

Бишкек, 08.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Индиянын түндүгүндө орун алган Агра шаарында автобус кырсыкка учурап, 29 адам каза болгондугу айтылууда. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү басылмаларга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

India Today журналынын маалыматына ылайык, укук коргоо органдары 27 адамдын сөөгүн кырсык болгон жерден табышкан. Ошондой эле 15 же 16 адам жаракат алган. Жергиликтүү бийлик кырсыкка учурагандарга көңүл айтты.

Уттар-Прадеш штатынын полициясы өзүнүн Twitter баракчасына, кырсык айдоочунун уктап калганынан болгонун билдирди. Лакхнаудан Делиге кетип бараткан автобус 4,5 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Учурда 20 жүргүнчү куткарылган. Полиция кызматы куткаруу иштерин улантып жатат.

Полиция кызматына шилтеме берүү менен жазып чыккан NDTV каналынын маалыматына ылайык, кырсык учурунда автобуста 46 адам болгон жана 17 жүргүнчү жабыр тарткан.

Пикир

Оставить комментарий