• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни атып кетишти

Дүйнө 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Япониянын Нара шаарында мурдагы премьер-министр Синдзо Абэни атып кетишти. Абэ боюнча так маалымат жок, бирок ЖМКлар ал каза болгонун божомолдошууда.

Япония өкмөтүнүн басма сөз катчысы Хирокадзу Мацуно журналисттерге Абэни атып кеткенин ырастап, бирок мурдагы чиновниктин абалы тууралуу маалымат жок экенин айткан.

NHK телеканалы жана Киодо Цусин агенттигинин маалыматына караганда, Абэ Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан учурда белгисиз куралчан адам аны далыга эки ирет аткан.

"Абэ ооруканага жеткирилген, бирок акыркы маалыматтар боюнча анын жүрөгү токтоп калган. Бул анын өлгөнүнөн кабар бериши мүмкүн. Бирок, маалымат тактала элек", - деп билдирген Би-Би-Синин Токиодогу кабарчысы.

Мурдагы чиновникти аткан адам 40 жаштарда, ал кармоо учурунда каршылык көрсөткөн эмес.

67 жаштагы Синдзо Абэ 2020-жылы премьерлик кызматтан кеткен, бирок ал Япониянын Либералдык-демократиялык партиясында таасирдүү фигура бойдон калган.

Булак: Би-Би-Си.

Пикир

Оставить комментарий