• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япониянын музыкалык музейинде кыргыз улуттук аспаптарынын бурчун түзүү пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 20.11.18 /Кабар/. Япониядагы Хамаматцу шаарынын музыкалык музейинде кыргыз улуттук аспаптарынын бурчун түзүү пландалууда. Бул маселени президенттин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев менен Хамаматцу шаарынын музыкалык аспаптар музейинин директору Казухико Шима талкуулашты.

Хамаматцу музейи 1995-жылы түптөлүп, Япониядагы жалгыз мамлекеттик музыкалык аспаптар музейи болуп эсептелет. Музейде дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген 1300 аспап турат.

ТҮРКСОЙдун 25 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында 18-ноябрда Япониядагы Кыргызстандын элчилигинин демилгеси менен Хамаматцу музейинде концерт уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий