• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ичүүчү сууну пайдалануу коркунучу тууралуу маалымат жалган – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 09.04.18. /Кабар/. Суу өткөрүү системасын жалпы дезинфекциялоого байланыштуу ичүүчү сууну пайдалануу кооптуулугу тууралуу социалдык тармактарда таралган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкек суу канал” башкармалыгынын маалыматы боюнча бардык суу тосмолор жана таза суу менен камсыз кылуучу жайлар штаттык режимде иштеп жатат. Ичүүчү сууну хлордоо саат сайын текшерилип турат, жашоого жана ден соолукка кооптуу эмес.

“Урматтуу шаардыктар! Тынчсызданууга себеп жок экенине ишендиребиз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий