• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 06.11.23./Кабар/. Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн 1-ноябрдан тарта баш калкалоочу жайлар иштей баштады, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Алар 2024-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.

Туруктуу жашаган жери жок адамдарга арналган баш калкалоочу жай 12 кичи районунда, А.Токомбаев көчөсү, 1а жалпы аянты 330 м2, 82 орунга ылайыкталган.

Бул жерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, үч бөлмө акталып, сырдалып, электр монтаждоо иштери жүрүп, эшик-терезелери орнотулуп, чатыры жылууланды. Мындан тышкары, айлана-тегергегин тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, бул жай жылытуу, борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу жылытып, ал эми казанды жылытуу үчүн көмүр жана отун бар.

80 кишиге төшөк жеткирилди.

Баш калкалоочу жайда: тамак-аш азыктарын сактоо үчүн эки камералуу муздаткычтар, плазмалык телевизор бар, бардык бөлмөлөрдө: аристон, кир жуугуч машина-автомат, кийим үчүн шкафтар, сенсордук электрондук плиткалар, электр чайнектер бар.

Убактылуу баш калкалоочу жайдын контингентине медициналык кызмат көрсөтүү үчүн №8 ҮМБнын медицина кызматкерлери бекитилген.

Бул категориядагы жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча үзгүлтүксүз нөөмөт жана иштерди жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ИИБнин кызматкери бекитилди.

Социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн Октябрь району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жооптуу адиси бекитилди.

Бул категориядагы адамдарга төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • бир жолку ысык тамак;
  • жуу, чач кыркуу (душ, аристондор орнотулган, электр устара ж.б. бар);
  • медициналык текшеруу;
  • баштапкы медициналык жардам көрсөтүү;
  • -флюорография;
  • үй-бүлөнү бириктирүү боюнча иштер;
  • документтерди калыбына келтирүү;
  • иш менен камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий