• 88.68
  • 95
  • 0.95

Стамбулда түрк мамлекеттеринин маалымат агенттиктеринин саммити өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.11.23./Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында түрк мамлекеттеринин маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин саммити башталды.

“Медиа альянсы жана келечекке көз караш” форумунун жүрүшүндө бир тууган элдердин ортосундагы достукту жана ишенимди ар тараптуу чыңдоо максатында өз ара аракеттенүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Аталган эл аралык платформага Кыргызстандын атынан "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев катышууда.

Саммитте ошондой эле "Анадолу" агенттигинин башкы директору Сердар Карагөз, Түркия президентинин Коомчулук менен байланыштар боюнча директору Фахреттин Алтун, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Түрк мамлекеттери уюмунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым катышууда.

Ачылыш аземинде түрк тилдүү мамлекеттер тууралуу актуалдуу жаңылыктарды жана материалдарды кеңири жайылтуу үчүн маалымат мейкиндигинде биримдиктин жана тыгыз байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Эл аралык коомчулуктун түрк дүйнөсүнө болгон көз карашын өзгөртүп, маданий жана руханий баалуулуктардын жакындыгына негизделген жалпы идеяларды калыптандырууда жана жайылтууда чечүүчү ролду ойной турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн альянсынын маанилүүлүгү айтылды.

Форумдун катышуучулары Медиа Альянстын түзүлүшүн бир добуштан колдоп, бул учурду тарыхый жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык байланыштарды чыңдоо үчүн өзгөчө мааниге ээ деп баалашты.

Форумдун катышуучулары 2021-жылы ТМУ мамлекет башчыларынын Стамбул шаарында өткөн саммити түрк тилдүү мамлекеттердин биримдигин түзүү жана кызматташуунун горизонтторун кеңейтүү үчүн чоң бурулуш болгонун белгилешти.

Форумдун жыйынтыгында Түрк маалымат агенттиктеринин альянсын (АТНА) түзүү жөнүндө Декларацияга кол коюлду.

Саммит өз ишин улантууда.

Сүрөттөр "Анадолу" агенттигиники

Пикир

Оставить комментарий