• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын Эл артисти Зинаида Петренко дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 06.11.23./Кабар/. Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Зинаида Михайловна Петренко 2023-жылдын 6-ноябрында 73 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында өтөт. Күнү жана убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Зинаида Михайловна Петренко 1951-жылы 7-февралда туулган. Уфа шаарында билим алган. Кыргызстанга Орск шаарынан келген.

Пикир

Оставить комментарий